http://ktrk.kg/Газпром өзүнүн инвестициялык программасын токтотуп коюушу ыктымал

Газпром өзүнүн инвестициялык программасын токтотуп коюушу ыктымал

19 Янв 2016 , 11:18 1070

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Конуштарды газдаштыруу маселеси өз убагында чечилбей калса, Газпром өзүнүн инвестициялык программасын токтотуп коюушу ыктымал. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев республикалык штабдын жыйынында билдирди. Акырындык менен өкмөт калкты көгүлтүр от менен жылытууга өткөрүү жагын караштырууда. Бул багытта  Экономика министрлигине атайын план иштеп чыгуу жана мекемелерге мештерди орнотуу тапшырмасы берилген.

Кычыраган кышта Токтогул ГЭСинде орун алган бузулуулар энергетика тармагында бир катар кооптонууларды жаратып, ири ГЭСтердин эскилиги жеткен жабдууларын алмаштырууга мезгил жеткенин ачыктады. Эми өкмөт кышка карата канчалык мыкты даярдык көрүлбөсүн, абал тез эле өзгөрүп кетүүсү ыктымалдыгын эске алып, элди жылытуунун башка түрлөрүнө өткөрүү камылгасын көрө баштады. Алды менен калкты газдаштыруу жана өлкөнү өзүбүздүн жергиликтүү көмүр менен камсыздоо маселеси турат. Газдаштыруу боюнча  быйыл жалпысынан Ордо калаада 22 конушта иштер жүргүзүлмөкчү. Бул тууралуу жыйынында Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов билдирди. Анын айтымында, азыр бул багытта атайын жумушчу топтор түзүлүп, долбоор даярдалып бүткөнү калды.

Кубанычбек Кулматов бул маселеде жер басып алуучулар көйгөй  жаратып жатканын кошумчалады. Алардын жери тууралуу тиешелүү документтери жок болгондуктан, газ жеткирүүдө тоскоолдуктар келип чыгуусу  толук ыктымал-дейт калаа башчы.

Бишкек шаарына жанаша канатташ  50гө чукул жаңы конуш жайгашкан. Алардын алды мындан 25 жыл мурда  пайда болгон. Өкмөт башчы Темир Сариев конуштарды газдаштыруу маселеси өз убагында чечилбей калса, Газпром өзүнүн инвестициялык программасын токтотуп коюушу дагы ыктымалдыгын  эскертти. Бул багытта атайын иш-планды өкмөт тез арада даярдашы керек. 

Калкты көгүлтүр оттон сырткары көмүр менен жылытууга өткөрүү маселеси дагы турат. Өлкө ичин өзүбүздүн Кара-Кече көмүрү менен камсыздоону көбөйтүүнү өкмөт башчы талап кылды. Муну менен акча тышка кетпей өзүбүздө калат –дейт премьер.

Ал арада жыл башынан бери Бишкекке 22 вагон Кара-Кече көмүрү жеткирилгенин  премьер-министрдин кеңешчиси Кубанычбек Турдубаев маалымдады.  Бишкек жылуулук борборунда бардыгы болуп, 272 миң тонна көмүр бар.

Ошентип чилдеди орун алган электр тармагындагы авариялык абал калкты жылытуунун башка түрлөрүнө өткөрүү зарыл экенин көрсөттү. Ири ГЭСтеги аварияларга карабай энергетиктер элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыйздай алды. Кубанычбек Турдубаевдин билдирүүсү боюнча азыр Токтогул ГЭСинде абал калыбына келди. Бирок эскилиги жеткен жабдууларды алмаштыруу иштери муну менен эле токтоп калбайт.

Ошентсе да өкмөт азыр элди акырындык менен көмүр жана көгүлтүр от менен жылытууга өткөрүүнү пландоодо. Буга карата мекемелерге мештерди орнотуу тапшырмасы дагы берилген. Премьер бүгүнкү күндө электр энергиясы менен газдын баасы бирдей болуп калгандыктан, калкты газга өткөрүү зарыл-деп баса белгиледи. Ал эми жарыктын баасы жыл өткөн сайын өсүп жатат.

Новости по дате