http://ktrk.kg/Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Азербайжанга расмий сапары башталды

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Азербайжанга расмий сапары башталды

2 Июль 2021 , 13:04 746

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Азербайжанга расмий сапары башталды, - деп билдирди аталган министрликтин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында министр «Алят» эркин экономикалык аймагынын ыйгарым укуктуу түзүмүнүн башкармалыгынын төрагасы Валех Алескеров менен жолугушту. 

Казакбаев министрлер кабинетинин ири чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча ченемдик укуктук базаны даярдоодо жана инвесторлор үчүн зарыл шарттарды жана кепилдиктерди түзүүдө тажрыйбаны үйрөнүүгө, кабыл алууга кызыкдар экендиги жөнүндө маалымдады. Жолугушуунун аягында Казакбаев Алескеровду Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.


Новости по дате