http://ktrk.kg/Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Токиого жөнөп кетти

Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Токиого жөнөп кетти

26 Июль , 14:25 161

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Оор атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Токиого жөнөп кетти. 

Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Расулбеков менен бирге башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиев жана улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов дагы бар. Белгилей кетсек, Бекдөөлөт Расулбеков 31-июль күнү Бишкек убактысы боюнча саат 16:50дө күч сынашат. Жалпы 96 кг салмактык даражада 15 спортчу катышса, "А" тайпасында 10 оор атлетчи бар.

Новости по дате