http://ktrk.kg/Бүгүн Денис Петрашов 200 метр аралыкка сүзүү боюнча мелдешке чыгат

Бүгүн Денис Петрашов 200 метр аралыкка сүзүү боюнча мелдешке чыгат

27 Июль , 11:36 248

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн 27-июлда кыргызстандык суучул Денис Петрашов Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 200 метр аралыкка сүзүү боюнча мелдешке чыгат. Ал буга чейин 100 метр аралыкка сүзүүдө 27-орунга ээ болгон. Ушул эле күнү дзюдочу Владимир Золоев россиялык европа чемпиону менен күч сынашты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын намысын коргоо үчүн жалпы 16 спортчу Олимпиадага катышууга кеткен. Алардын ичинен ок атуучу Каныкей Кубанычбекова 48-орунга ээ болду. Роман Петров фехтования боюнча мелдештин алгачкы беттешинде түштүк кореялык спортчуну 15:7 эсебинде жеңген. Кийинки баскычта жапониялык спортчу, Азия оюндарынын жана Азиянын чемпиону менен күч сынашып, 13:15 эсебинде жеңилип, 32-орунду багындырды.

Новости по дате