http://ktrk.kg/Олимпиадага катышчу балбан кыздар Токиого жөнөп кетишти

Олимпиадага катышчу балбан кыздар Токиого жөнөп кетишти

28 Июль , 12:59 2443

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, 28-июлда Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Токиодогу Олимпиада оюндарына жөнөп кетти.

Белгилей кетсек, оюндарга Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы катышат. Команданы улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков, ошондой эле улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев коштоп кетти.

Маалымат катары билдирсек, 1-август күнү Айпери Медет кызы, 2- август күнү Мээрим Жуманазарова, 3-август күнү Айсулуу Тыныбекова оюндарга чыгышат.

Новости по дате