http://ktrk.kg/Өлкөгө AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы келди

Өлкөгө AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы келди

31 Июль , 11:16 4630

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы 226 миң 560 доза AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы келди. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жүктү кабыл алуу учурунда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө дипломатиялык өкүлчүлүктөргө акысыз көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. 

Өлкө жетекчилиги коронавирус инфекциясына каршы калкты вакцинациялоого приоритеттүү маани берет. Эпидемиологиялык абалды жакшыртууга, оорунун деңгээлин кыскартууга, экономикалык ишмердүүлүк үчүн жагымдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, окуу процессин салттуу формада жандандырууга мүмкүндүк берет. Мен жарандарды коронавирус инфекциясына каршы эмдөөгө чакыргым келет, эмдөө сизди жана жакындарыңыздын ден-соолугун коргойт», – деди Жылдыз Бакашова. Анын айтымында, Кыргызстан бардык процедуралардан өткөндөн кийин, өткөн жылдын сентябрь айында 190 өлкө мүчөсү катары камтылган COVAX платформасынын мүчөсү болду. 

Европа биримдигиндеги өлкөлөрдө AstraZeneca вакцинасын болжол менен 49 млн адам алган, ал эми Кыргызстанда бүгүнкү күндө AstraZeneca вакцинасын 1285 адам алды.

Новости по дате