http://ktrk.kg/COVID-19: 8-августка карата дагы 602 адамдан аныкталды

COVID-19: 8-августка карата дагы 602 адамдан аныкталды

8 Авг 2021 , 11:30 1140

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 8-августка карата коронавирус дагы 602 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 287, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 68, Ош облусунда – 18, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 23, Ысык-Көл облусунда – 70, Жалал-Абад облусунда – 78, Баткен облусунда – 33 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 1 миң 478 адам илдеттен сакайып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 10 бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 947 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 359 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 169 миң 17 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 156 миң 925 киши айыгып чыкса, 2 миң 399 адам каза болду.

Новости по дате