http://ktrk.kg/COVID-19: «Кыргызстан - жашыл аймак» интерактивдүү карта санариптик тиркемеси ишке кирди

COVID-19: «Кыргызстан - жашыл аймак» интерактивдүү карта санариптик тиркемеси ишке кирди

9 Авг 2021 , 11:37 974

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

«Кыргызстан - жашыл аймак» интерактивдүү карта санариптик тиркемеси ишке киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бакыт Жангазиев билдирди. 

Айтымында, «Кыргызстан – жашыл аймак» улуттук демилгесинин алкагында мобилдик операторлор эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификат алган жарандарга мобилдик интернет пакетин белек кылышууда. Мындан тышкары учурда "COVID-19га каршы эмделгендер реестри" маалыматтык система иштеп жатат. Мында жарандар жана медициналык кызматкерлер үчүн дагы функционалдык мүмкүнчүлүктөрдүн баардыгы ишке ашкан.

“Системада медициналык кызматкерлер үчүн, эмделгендердин реестрин жүргүзүү, экинчи доза менен эмдөө планын түзүү, эмдөө тууралуу статистикалык отчетторду түзүү каралган. Ошондой эле жарандар "Эмдөө пункттары" интерактивдүү карта менен жакын жерде жайгашкан эмдөө пункттары тууралуу билүүгө болот. Ал эми "Электрондук кезек" бөлүгүнүн жардамы менен эмдөө пункттарына электрондук кезекке жазылса болот”,- Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бакыт Жангазиев. 

Новости по дате