http://ktrk.kg/COVID-19: Бейтаптарды дарылоого кеткен чыгымдардын суммасы эсептелди

COVID-19: Бейтаптарды дарылоого кеткен чыгымдардын суммасы эсептелди

12 Авг 2021 , 12:47 500

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коронавирус жана пневмония менен ооруканага жаткырылган бейтаптар 10 күндөн 65 күнгө чейин дарыланат. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева билдирди. 

Учурда республиканын ооруканаларында коронавирус инфекциясы менен ооруган 2 миң 455 бейтап дарыланса, алардын 669 адам оор, 167 адам өтө оор абалда. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду дарылоого кеткен чыгымдардын суммасын эсептеп чыккан. Орто оордуктагы бейтаптарды дарылоого ушу күнгө чейин 61,3 миллион сом, оор бейтаптарга - 130,7 миллион, өтө оорлорго - 200,9 миллион сом чыгым болду. Ал эми коронавирус илдетине чалдыккандар менен байланышта болгондорго 10 миллион 200 миң сом өлкө казынасынан корогон.


Новости по дате