http://ktrk.kg/Президент Садыр Жапаров коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын экинчи дозасын алды

Президент Садыр Жапаров коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын экинчи дозасын алды

13 Авг 2021 , 14:22 264

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13–августта, уулу менен бирге коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын экинчи дозасын алды.

Мамлекет башчысы вакцинанын экинчи дозасын борбор калаадагы мобилдик эмдөө пункттарынын биринде алды. Мекендештерге кайрылып жатып Садыр Жапаров ар бир кыргызстандык үчүн эмдөөдөн өтүүнүн өзгөчө маанисин белгиледи. Ал Кыргызстанда бүгүнкү күндө эмдөөдөн өткөн жарандардын саны дагы деле аз болуп жатканын өкүнүү менен белгиледи.

«Өлкөнүн бардык жарандарын активдүү түрдө вакцина алууга чакырам. Бул вирусту жеңүү үчүн четте карап турбастан коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтүү зарыл. Биз бул илдеттин абдан олуттуу экенин түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан мен бардык кыргызстандыктарды бул маселеге мүмкүн болушунча активдүү катышууну өтүнөм», - деп кайрылды Садыр Жапаров өлкө жарандарына.

Новости по дате