http://ktrk.kg/COVID-19: Акыркы суткада дагы 520 адамдан аныкталып, 6 бейтап каза болду

COVID-19: Акыркы суткада дагы 520 адамдан аныкталып, 6 бейтап каза болду

14 Авг 2021 , 13:13 3939

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда коронавирус дагы 520 адамдан аныкталып, алты бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 299, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 883, Ош облусунда –14, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 39, Жалал-Абад облусунда – 37, Баткен облусунда – 197 адамдан илдет табылды. Ал эми бир суткада 654 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 216 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 591 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 171 миң 758 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 162 миң 104 киши айыгып чыкса, 2 миң 439 адам каза болду.

Новости по дате