http://ktrk.kg/Коронавирус менен ооруп айыккан жаштардын нерв системасында өзгөрүүлөр болоору айтылды

Коронавирус менен ооруп айыккан жаштардын нерв системасында өзгөрүүлөр болоору айтылды

16 Авг 2021 , 9:29 2449

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коронавирус менен ооруп айыккан жаштар нерв системасынын иштөөсүнөн өзгөрүүлөрдү байкашат. Мунун АКШнын окумуштуулары иликтеп чыгышты. Илимпоздор алты айдын аралыгында 20 жаштан 24 жашка чейинки 30 адамга байкоо жүргүзүп көргөн. 

Анын 16сы коронавирус жуктуруп айыккандар эле. Анда дартты жеңгендердин нерви беркилердикине салыштырмалуу эс алып жаткан учурда да катуу чыңалганы байкалган. Адистер булчуңдардын активдүүлүгүн текшерип жатып коронавирус менен ооруп айыккандардын нерв системасы ашыкча активдүү болгонун аныкташкан. Маселен, ооруп айыккан адамды керебетте бир абалдан экинчи абалга которгондо эле анын жүрөгү тез-тез согуп, пульсу көтөрүлгөн. 

Окумуштуулардын байкоосуна катышып жаткандардын колун эки мүнөткө муздак сууга салып койгондо алардын нерв системасынын активдүүлүгү басаңдап калган. Мында ооруп айыккандар башкаларга караганда ооруну азыраак сезишкен.

Новости по дате