http://ktrk.kg/CОVID-19 менен күрөшүүдө баштапкы медициналык-санитардык жардамдын ролу чоң

CОVID-19 менен күрөшүүдө баштапкы медициналык-санитардык жардамдын ролу чоң

16 Авг 2021 , 11:50 3638

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

CОVID-19 менен күрөшүүдө баштапкы медициналык-санитардык жардамдын ролу өтө чоң. Мындай пикирин Бишкектеги Биринчи май районунун бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Мунаркан Өмүралиева билдирди.

Айтымында өлкөдө ушул жылдын март айынан баштап калкты эмдөө боюнча зор иштер жүрүүдө. Бейтаптарга дарыгерлер тарабынан күн сайын онлайн кеңештер берилип жатат. Дарылоону, текшерүүнү дайындашып, байланышы барлардын абалын көзөмөлдөшөт, мобилдик бригадаларда, изоляторлордо иштешет.

Ошол эле убакта текшерилүүчү оорулары бар бейтаптарды кароо, кош бойлуу аялдарды жана жаңы төрөлгөндөрдү байкоо сыяктуу иштер дарыгерлер тарабынан аткарылууда, - дейт Өмүралиева.

Новости по дате