http://ktrk.kg/Учурда миңден ашык ыктыярчы эмдөө пункттарында иштеп, дарыгерлерге жардам берүүдө

Учурда миңден ашык ыктыярчы эмдөө пункттарында иштеп, дарыгерлерге жардам берүүдө

16 Авг , 13:20 3803

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Учурда миңден ашык ыктыярчы өлкөдөгү бардык убактылуу эмдөө пункттарында иштеп, дарыгерлерге жардам берүүдө. 

Коронавируска каршы республикалык штабдан билдиришкендей COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомунун ыктыярчылары медициналык персоналга жана калкка жардам берүүдө. Ыктыярчылар ыкчам чалуулар, кечиктирилгис жардам берүү, азык-түлүк жеткирүү жана башка маанилүү иштерде көмөк көрсөтүүдө. 

Ошондой эле апрель айынын аягынан баштап ыктыярчылар калкка эмдөө жүрүп жаткан убактылуу эмдөө пункттарында нөөмөткө туруп жатышат.

Новости по дате