http://ktrk.kg/Кыргызстанда коронавирус дагы 341 адамдан аныкталды

Кыргызстанда коронавирус дагы 341 адамдан аныкталды

17 Авг , 10:05 6846

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 17-августка карата коронавирус дагы 341 адамдан аныкталды. Коронавируска каршы Республикалык штаб билдиргендей, илдет аныкталгандардын көбү Бишкекте. Борбор калаада бир күндө - 151, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 93, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда – 16 адамдан коронавирус табылган. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 172 миң 668 адам коронавирус жуктурган.

Ошол эле маалда акыркы 24 саата 561 адам илдеттен сакайды, жалпысы өлкө боюнча илдеттен айыккандар 163 миң 810 киши болду. Соңку бир күндө COVID-19 илдетинен өлкө боюнча алты бейтап каза болду. Оору башталгандан бери 2 миң 457 адам көз жумду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 920 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 67 адам дарыланууда.

Новости по дате