http://ktrk.kg/Жыл соңуна чейин калктын 70% эмделет

Жыл соңуна чейин калктын 70% эмделет

17 Авг , 14:14 2709

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жыл соңуна чейин калктын 70%ын эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Айтымында, азыр 586 миң адам эмдөөдөн өттү. “Вакцинаны толук алган мамлекеттик мекемелер да бар. Маалыматтарга караганда, өлкөдө калктын 38% коронавирус инфекциясы менен ооруган”, - деди министр. Бейшеналиев белгилегендей, эгерде калктын 70%ы эмдөөдөн өтсө, анда COVID-19дун төртүнчү толкуну болбойт.


Новости по дате