http://ktrk.kg/Кыргызстанда 18-августка карата коронавирус дагы 269 адамдан аныкталды

Кыргызстанда 18-августка карата коронавирус дагы 269 адамдан аныкталды

18 Авг , 9:41 5257

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 18-августка карата коронавирус дагы 269 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 114, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 73, Ош облусунда – 14, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 15 адамдан илдет табылган. Ал эми бир суткада 534 адам илдеттен айыккан. Акыркы 24 саатта COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 823 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 894 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 172 миң 937 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 164 миң 344 киши айыгып чыкса, 2 миң 462 адам каза болду.

Новости по дате