http://ktrk.kg/Кыргызстанда 19-августка карата коронавирус дагы 249 адамдан аныкталды

Кыргызстанда 19-августка карата коронавирус дагы 249 адамдан аныкталды

19 Авг , 9:46 6797

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 19-августка карата коронавирус дагы 249 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет. 

Анын ичинде Бишкек шаарында – 84, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 77, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 26, Жалал-Абад облусунда – 15, Баткен облусу - 16 адамдан илдет табылган. Ал эми бир суткада 498 адам илдеттен сакайып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча алты бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 744 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 714 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 173 миң 186 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 164 миң 842 киши айыгып чыкса, 2 миң 468 адам каза болду.

Новости по дате