http://ktrk.kg/Кыргызстанда коронавируска каршы эмделгендер 900 миңден ашты

Кыргызстанда коронавируска каршы эмделгендер 900 миңден ашты

19 Авг , 10:19 17318

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда коронавируска каршы эмделгендер 900 миңден ашты. Бул талап кылынган көрсөткүчтүн 38% түзөт. 

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтындагы соңку маалыматка караганда, алардын 614 миңи вакцинанын биринчи дозасын, ал эми 304 миңи экинчи да дозасын алгандар. Өлкөнүн калкы 6,5 миллионду түзөт, анын 3,4 миллионун өкмөт COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керек болгон максаттуу топ деп аныктаган. Максаттуу топко 18 жашка чейинки курактагылардан жана тыштагы эмгек мигранттарынан башкалардын баары кирген. 3,4 миллиондун 2,4 миллиону, башкача айтканда, 70% эмделсе өлкөдө жамааттык иммунитет калыптанары айтылган.

Учурда республиканын бардык аймактарында “Спутник V”, Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын бекер алууга шарт бар. Вакцинанын эки дозасын алгандарга атайын сертификат тапшырылат.

Новости по дате