http://ktrk.kg/Эмдөөдөн өтүү коронавирустун "дельта" штаммынан сактайт

Эмдөөдөн өтүү коронавирустун "дельта" штаммынан сактайт

19 Авг , 13:33 382

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эмдөөдөн өтүү коронавирустун дельта штаммын жуктуруп алгандан анын оор өтүшүнөн жана өлүмдөн сактайт. Бул тууралуу онлайн-брифингде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы илимий кызматкери Сумья Сваминатан билдиргенин РИА Новости жазды. 

"Вакцина оорулардын санын гана азайтпастан, вирус жуктурганда оор кесепеттерди жана өлүмдү алдын алаары анык. Эмдөө ушундай эле жыйынтыкты коронавирустун "дельта" штаммында да көрсөтөт", — деген адис. 

Ал эми ДССУнун эпидемиологу Мария ван Керкхове вирустун айрым өлкөлөрдө азайбай жатышы эпидемиологиялык чаралардын сакталбай жатышына жана вакцина алгандардын санынын аздыгына байланыштуу экенин билдирген. Коронавирустун "дельта" штаммы — COVID-19 инфекциясын козгоочулардын бири. Ал биринчи жолу Индияда табылып, каттоого алынган. Инкубациялык мезгилинин кыскалыгы жана оор кесепеттерге кептегени менен өзгөчөлөнөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун мутацияланган "альфа" (Британия), "бета" (Түштүк Африка), "гамма" (Бразилия) жана "дельта" (Индия) түрүн каттаган.

Новости по дате