http://ktrk.kg/Бишкекте 2 Калкты тейлөө борборунда коронавируска каршы эмдөө пункттары ачылды

Бишкекте 2 Калкты тейлөө борборунда коронавируска каршы эмдөө пункттары ачылды

19 Авг , 13:58 380

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте 2 Калкты тейлөө борборунда коронавируска каршы эмдөө пункттары ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, калкка ыңгайлуу болуусу үчүн Бишкек шаарындагы эки Калкты тейлөө борборунда, ошондой эле Кыргызпочтасынын бөлүмүндө COVID-19дан эмдөөчү убактылуу пункттар иштеп жатат. Бишкек шаарында эмдөө пункттары Жаш Гвардия бульвары №4, Жибек-Жолу проспектиси №381 жана "Бишкек почтамтында" , Чүй проспектиси №96 даректери боюнча ачылган. 

Бул бөлүмдөрдө бардык каалоочулар эмдөө ала алышат. Эң негизги талап вакцина ала турган жарандын паспорту болушу керек. Вакцинация бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен акысыз негизде жүргүзүлөт.

Новости по дате