http://ktrk.kg/Германия Кыргызстанга 110 миң доза вакцина берет

Германия Кыргызстанга 110 миң доза вакцина берет

21 Авг , 16:32 12504

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Германия Кыргызстанга 110 миң доза вакцина берет. Бул туурасында Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалган Габриэла Геллилди кабыл алганда белгилүү болду. Геллил эки тараптуу кызматташтыктын алкагында Германия өкмөтүнүн COVAX механизми аркылуу Кыргызстанга 110 миң доза вакцина бөлүп берүү чечими тууралуу айтып, логистикалык маселелер кошумча талкууланат деди.

Жолугушууда тараптар кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешип, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу пикир алмашты. Алар өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты. Эки өлкөнүн ортосундагы маданий жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү максатында Бишкекте француз-герман маданият институтун ачуу маселеси өзүнчө талкууланды.

Новости по дате