http://ktrk.kg/Кыргызстанда бир суткада 244 адамдан COVID-19 табылып, 6 адам каза болду

Кыргызстанда бир суткада 244 адамдан COVID-19 табылып, 6 адам каза болду

22 Авг , 19:26 7367

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда бир суткада 244 адамдан COVID-19 табылып, 6 адам каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 137, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 45, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 28, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусу - 12 адамдан илдет табылды. Ал эми бир суткада 448 адам илдеттен сакайып чыкты. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 405 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 299 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 173 миң 920 адам коронавирус жуктуру, алардын ичинен 166 миң 308 киши айыгып чыкса, 2 миң 484 адам каза болду.

Новости по дате