http://ktrk.kg/Кыргызстанда акыркы суткада 5 миңге чукул киши эмделди

Кыргызстанда акыркы суткада 5 миңге чукул киши эмделди

23 Авг , 11:09 3200

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда акыркы 24 сатта COVID-19 инфекциясына каршы 4 миң 869 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 миң 181 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 688 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 635 миң 867 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 356 миң 215 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Новости по дате