http://ktrk.kg/Кыргызстанда 199 адамдан COVID-19 жаңы табылып, беш бейтап каза болду

Кыргызстанда 199 адамдан COVID-19 жаңы табылып, беш бейтап каза болду

24 Авг , 9:44 4171

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 199 адамдан COVID-19 жаңы табылып, беш бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 96, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 45, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда- 8 адамдан илдет табылды. Ал эми бир суткада 444 адам илдеттен сакайып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 266 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 10 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 174 миң 347 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 167 миң 146 киши айыгып чыкса, 2 миң 494 адам каза болду.

Новости по дате