http://ktrk.kg/Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүү боюнча үч жылдык программа иштелип чыгат

Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүү боюнча үч жылдык программа иштелип чыгат

25 Авг , 10:08 9795

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова 2021-2023-жылдарга карата COVID-19 менен күрөшүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты. 

Жолугушууда учурдагы эпидемиологиялык абал жана өлкө аймагындагы коронавирустук инфекцияны жоюу боюнча узак мөөнөттүү иш-чаралар планы талкууланды. Бакашова коронавирустук инфекциянын жайылышынан коргоого системалуу мамиле уюштуруу зарылдыгын белгилеп, 2021-2023-жылдарга COVID-19 менен күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууну сунуштады. 

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары мекемелер аралык жумушчу топ түзүүнү тапшырды. Ал Программанын долбоорун жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгып Министрлер Кабинетине сунуштайт. 

Белгилей кетсек, мекемелер аралык жумушчу топтун курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү эле эмес, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын көз карандысыз эксперттери да кирет.


Новости по дате