http://ktrk.kg/COVID-19 пандемиясында каза болгон медицина кызматкерлерине коюла турган эстеликтин орду аныкталды

COVID-19 пандемиясында каза болгон медицина кызматкерлерине коюла турган эстеликтин орду аныкталды

25 Авг , 10:25 1325

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын жыйынын өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө каза болгон алдыңкы катардагы дарыгерлердин урматына мемориал орнотуу маселеси талкууланды.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, дарыгерлердин, медайымдардын жана санитарлардын жаркын элесин түбөлүккө калтыруу, кесиптик милдетин аткарууда өмүрүн берген ден соолук сакчылары коркунучтуу инфекция менен күрөшүүдө жан аябаган эрдиги түбөлүккө сакталат.

Талкуулоонун жана тиешелүү документтерди кароонун натыйжасында Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн тушуна, тагыраагы И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын борбордук аллеясындагы музейдин жанына мемориал орнотуу чечими кабыл алынды.

Новости по дате