http://ktrk.kg/Кыргызстанда коронавирус дагы 213 адамдан аныкталып, 5 бейтап каза болду

Кыргызстанда коронавирус дагы 213 адамдан аныкталып, 5 бейтап каза болду

29 Авг , 14:36 5291

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 29-августка карата коронавирус дагы 213 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 94, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 27, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 45, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 12 адамдан илдет табылган. Ал эми бир суткада 348 адам илдеттен сакайып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 132 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 226 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 437 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 169 миң 117 киши айыгып чыкса, 2 миң 518 адам каза болду.

Новости по дате