http://ktrk.kg/Кыргызстанда дагы 145 адамдан COVID-19 табылып, төрт бейтап каза болду

Кыргызстанда дагы 145 адамдан COVID-19 табылып, төрт бейтап каза болду

31 Авг , 11:39 5075

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 31-августка карата коронавирус дагы 145 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 47, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 31, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 40, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда - 10 адамдан илдет табылган. Ал эми бир суткада 360 адам тумоодон сакайып чыккан. 

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча төрт бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 71 бейтап, амбулатордук түрдө 914 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 734 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 169 миң 777 киши айыгып чыкса, 2 миң 528 адам каза болду.

Новости по дате