http://ktrk.kg/Кыргызстанда 4-сентябрга карата коронавирус 154 адамдан аныкталып, 5 бейтап каза болду

Кыргызстанда 4-сентябрга карата коронавирус 154 адамдан аныкталып, 5 бейтап каза болду

4 Сент 2021 , 14:39 383

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 4-сентябрга карата коронавирус дагы 154 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 63, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 22, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 42, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда - 7 адамдан илдет табылган. Ал эми бир суткада 135 адам илдеттен сакайып чыкты. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 5 бейтап каза болду. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 918 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 35 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 347 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 396 киши айыгып чыкса, 2 миң 546 адам каза болду.




Новости по дате