http://ktrk.kg/Кыргызстанда бир суткада 97 адамдан COVID-19 табылып, 4 бейтап каза болду

Кыргызстанда бир суткада 97 адамдан COVID-19 табылып, 4 бейтап каза болду

8 Сент , 13:18 360

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда бир суткада 97 адамдан COVID-19 табылып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 47, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 22, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда– 4 адамдан илдет табылды. Ал эми бир суткада 161 адам илдеттен сакайып чыккан. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 721 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 134 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 779 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 170 миң 911 киши айыгып чыкса, 2 миң 561 адам каза болду.

Новости по дате