http://ktrk.kg/COVID-19: Эки бейтап каза болуп, 104 адамдан илдет жаңы аныкталды

COVID-19: Эки бейтап каза болуп, 104 адамдан илдет жаңы аныкталды

9 Сент , 10:32 837

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөдө 9-сентябрга карата коронавирус дагы эки жарандын өмүрүн алды. Ал эми бир күндүн ичинде 104 адамдан илдет жаңы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында - 61, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда - 16, Талас облусунда - 3, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 9, Жалал-Абад облусунда - 7, Баткен облусунда - 4 адамдан илдет табылды, 137 адам оорудан сакайып чыкты. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 698 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 122 адам дарыланууда. Пандемия башталгандан бери 176 миң 883 адам коронавирус жуктурган болсо, алардын ичинен 171 миң 48 киши айыгып, 2 миң 563 адам оорунун курмандыгы болду.


Новости по дате