http://ktrk.kg/Коронавирустан үч бейтап көз жумду

Коронавирустан үч бейтап көз жумду

11 Сент , 11:01 420

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 11-сентябрга карата коронавирус дагы 100 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 55, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда - 2, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусу – 4 адамдан илдет табылган. 

Ал эми бир суткада 146 адам илдеттен сакайды. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 3 бейтап каза болду. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 690 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 94 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 83 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 326 киши айыгып чыкса, 2 миң 569 адам каза болду.


Новости по дате