http://ktrk.kg/COVID-19: Бир күндө 12 409 адам эмдөөдөн өттү

COVID-19: Бир күндө 12 409 адам эмдөөдөн өттү

11 Сент , 11:05 369

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бир суткада Кыргызстанда 12 409 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. 

Кечээтен бери эмделгендердин ичинен 5 913 киши биринчи дозасын алса, 6 496 адам вакцинанын экинчи компонентин сайдырган. Жалпысынан 731 693 киши коронавирустун биринчи дозасы менен эмделди. 518 257 адам экинчи дозасын алып толугу менен вакцинацияланды. 

COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 миллион адамды эмдөө каралган. Жамааттык иммунитет жаралышы үчүн максаттуу топко киргизилгендердин кеминде 70 пайызы вакцина алышы зарыл. Бул 2,4 миллион адамды түзөт.


Новости по дате