http://ktrk.kg/Коронавирус: Кыргызстанда 15-сентябрга карата 82 жаңы учуру катталды

Коронавирус: Кыргызстанда 15-сентябрга карата 82 жаңы учуру катталды

15 Сент , 11:06 8144

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 15-сентябрга карата коронавирус 82 адамдан жаңы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 33, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган. Ал эми бир суткада 117 адам оорудан сакайып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 2 бейтап каза болду. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 603 бейтап, амбулатордук түрдө 978 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 389 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 767 киши айыгып чыкса, 2 миң 578 адам каза болду.


Новости по дате