http://ktrk.kg/Коронавирус: Кыргызстан боюнча инфекцияны аныктоочу 19 лаборатория иштеп жатат

Коронавирус: Кыргызстан боюнча инфекцияны аныктоочу 19 лаборатория иштеп жатат

15 Сент , 13:58 1044

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүнкү күндө республика боюнча COVID-19 коронавирус инфекциясын аныктоочу 19 лаборатория иштөөдө, анын ичинен 13 мамлекеттик, 6 жеке менчик. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана cанэпидкөзөмөлдөө департаментинин лабораториялык тестирлөө борборунун башчысы Айгүл Жумаканова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, лабораториялык аныктоо ПЧР ыкмасы менен жүргүзүлөт. Ошондой эле скрининг үчүн экспресс ыкма, ал эми шашылыш учурларда Genexpert ыкмасы колдонулат. 

“Пандемиянын башталышынан бери 2021-жылдын 15-сентябрына чейин жалпы республика боюнча 1 млн 824 миң 71 изилдөө жүргүзүлдү”, - деди ал.

Новости по дате