http://ktrk.kg/Жаңы окуу жылы мектептерде санитардык талаптарды сактоо менен башталды

Жаңы окуу жылы мектептерде санитардык талаптарды сактоо менен башталды

15 Сент , 15:58 1960

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы мектептер жаңы окуу жылынын башталышына даяр. Анын даярдыгы тиешелүү кызматтар менен бирге Бишкек мэриясынын атайын түзүлгөн комиссиясы текшерип чыкты. 

Ар бир мектеп дезинфекциялык каражаттар менен камсыз болуп, окуучулар менен мугалимдер сөзсүз түрдө бет кап тагынып жүрмөк болду. Анткени учурда эпидемиологиялык кырдаал туруктуу болгону менен жагдай өзгөрүп кетиши мүмкүн. 

Жаңы окуу жылын Бишкектеги мектептер санитардык талаптарды так аткаруу менен баштады. Ар бир мекемеде медпункттар ишке кирип, атайын бекитилген дарыгерлер иштеп жатат. Дезинфекциялоочу каражаттар тегиз коюлуп, ичте жүргөндөрдүн бардыгы беткап тагынсын деген талап коюлду. Окуу процессинин тыныгуу учурунда бөлмөлөр желдетилип турушу керек. Ата-энелер бала үйдө өзүн жаман сезгенин байкаса мектепке жибербей, дароо дарыгерге кабарлашы зарыл. Таажы вирусун аныктоо үчүн учурда өлкө боюнча 19 лаборатория иш алып барууда.

Бишкектин билим берүү башкармалыгына 97 орто мектеп карайт. Аларда 170 миңге жакын окуучу билим алса, 7 миңден ашуун мугалим эмгектенет. Бүгүнкү күнгө карата борбор калаадагы мектептерде эмгектенген мугалимдердин 60 пайызы Ковид-19га каршы эмдөөдөн өттү.


Новости по дате