http://ktrk.kg/Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Душанбе шаарына келди

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Душанбе шаарына келди

15 Сент , 23:36 5417

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда иш сапары менен Тажикстан Республикасына келди.

Мамлекет башчысынын учагы Душанбе шаарындагы эл аралык аэропортуна конуп, аны траптан Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторунда мамлекеттик туулар илинген, килемчелер төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилген.

Эске салсак, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров ЖККУнун жамаатытк коопсуздук кеңешинин сессиясына жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын отурумуна катышат.



Новости по дате