http://ktrk.kg/COVID-19: Ортопедиялык патологиясы барлар вакцина алса болот

COVID-19: Ортопедиялык патологиясы барлар вакцина алса болот

17 Сент , 13:09 2238

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ортопедиялык патологиясы бар жарандар коронавируска каршы эмделсе болот. Адистердин айтымында, вакцина бул категорияга кирген адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизбейт. 

Бирок вакцина алаардан мурда сөзсүз түрдө дарыгерден кеңеш алуу абзел. Ортопедиялык патология тубаса же жаракат алып, бирок учурунда дарыгерге кайрылбай, туура эмес дарылангандын кесепетинен пайда болот. Медицина илимдеринин доктору Бакытбек Исаков вакцина ден соолукка зыяны жок экенин айтып, жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

“Тубаса ортопедиялык патология эненин ичинде түйүлдүк чоноюп жетилип жатканда ички тышкы кандайдыр бир себептердин таасиринен, колдун буттун сѳѳктѳрүнүн, кандайдыр бир омуртка жамбаш сѳѳктѳрүндѳ туура эмес ѳнүгүү пайда болот. Ошол учурда бала ортопедиялык патология менен тѳрѳлѳт. Он сегиз жашка чейин ошол ортопедиялык патология менен жашайт. Он сегиз жаштан кийин алар эмдѳѳ алууга болот. Эмдѳѳ эч кандай терс таасирин тийгизбейт”,- деди медицина илимдеринин доктору, профессор Бакытбек Исаков.

Новости по дате