http://ktrk.kg/Бишкекте гендердик теңчилик маселеси талкууланды

Бишкекте гендердик теңчилик маселеси талкууланды

22 Сент , 9:18 1138

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова тең укуктуу өнөктөштүк маселеси боюнча конференцияга катышты.

Жолугушууда коомдук турмуштагы тең укуктуу өнөктөштүктү илгерилетүү үчүн чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр, аялдардын жана кыздардын курч көйгөйлөрүн чечүү үчүн коомчулукту мобилизациялоо маселелери талкууланды.

Панелдик дискуссияга КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргызстандагы АКШнын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Н.Коултер, Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штатынын Элчилигинин, USAID өкүлдөрү катышты. 

Жылдыз Бакашова иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, гендердик теңчиликти камсыздоо жана аялдар менен кыздардын укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча демилгелерди мындан ары да колдоого даярдыгын билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президенти ар дайым коомдогу аялдын ордуна жана аялдарды колдоо боюнча долбоорлорду түзүү зарылдыгына басым коюп келет. Министрлер Кабинети тарабынан гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлдү, анын курамына мамлекеттик органдардын жана коомдук, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирет. Кеңеш тарабынан гендердик теңчилик боюнча үч жылдык улуттук стратегияны түзүлгөн», – деди ал.

Улуттук стратегия аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, функционалдык билим берүү системасын өнүктүрүү, басмырлоону жоюу жана сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, ошондой эле чечимдерди кабыл алууда гендердик теңчиликке көмөктөшүү жана өлкөнүн саясий жашоосундагы аялдардын катышуусун жогорулатуу сыяктуу бир катар негизги компоненттерди өзүнө камтыйт. 

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары аймактардагы прогрессивдүү аялдарды колдоого алуунун маанилүүлүгүн белгилеп, өнөктөштөргө өлкөдөгү тең укуктуулукту ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Мисалга, жергиликтүү кеңештердеги аялдардын көрсөтүлүшүн 10дон 38,7%га, шаардык парламентте 18% ден 28%га  жогорулашы биргелешкен күч-аракетибизге жараша мүмкүн болду», – деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, конференциянын алкагында “Жергиликтүү кеңештин эң активдүү депутаты”, “Эң активдүү долбоордун жетекчиси”, “Эң креативдүү жаштар ЖКУ” номинациялары боюнча сыйлык тапшыруу аземи өттү.

Новости по дате