http://ktrk.kg/Коронавирус жугуштуу илдети Кыргызстанда 72 адамдан аныкталды

Коронавирус жугуштуу илдети Кыргызстанда 72 адамдан аныкталды

22 Сент , 13:08 2750

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коронавирус жугуштуу илдети Кыргызстанда 72 адамдан аныкталды. Республикалык штабдын билдиргенине караганда, Бишкек шаарында - 31, Ош шаары - 1, Чүй облусунда - 6, Ош облусунда - 1, Талас облусунда - 4, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 14, Жалал-Абад облусунда - 4, Баткен облусунда - 3 адамдан вирус табылган. 

Ал эми бир суткада 100 адам илдеттен сакайып чыккан. Соңку бир күндо COVID-19дан өлкө боюнча 3 бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 542 бейтап, амбулатордук түрдө 862 адам дарыланууда.Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 941 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 469 киши айыгып чыкса, 2 миң 595 адам каза болду.


Новости по дате