http://ktrk.kg/Коронавирус: Кыргызстанда 628 миңден ашык адам толук эмдөөдөн өттү

Коронавирус: Кыргызстанда 628 миңден ашык адам толук эмдөөдөн өттү

2 Окт , 11:23 4285

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 153 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет. 

Маалыматка ылайык, 4 миң 586 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 567 жаран экинчи дозасын алды. 

Өлкө боюнча 833 миң 472 адам вакцинанын биринчи компоненти, ал эми 628 миң 413 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Новости по дате