http://ktrk.kg/Коронавирустан төрт бейтап көз жумду

Коронавирустан төрт бейтап көз жумду

22 Окт , 9:28 3503

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 22-октябрга карата коронавирус дагы 125 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 58, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 36, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет жаңы табылган. Ал эми бир суткада 59 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында эки бейтап каза болду. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 639 бейтап, амбулатордук түрдө 622 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 348 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 934 киши айыгып чыкса, 2 миң 647 адам каза болду.

Новости по дате