http://ktrk.kg/Венгрия Кыргызстан үчүн Европадагы биринчи стратегиялык өнөктөш өлкө

Венгрия Кыргызстан үчүн Европадагы биринчи стратегиялык өнөктөш өлкө

5 Нояб 2021 , 22:52 499

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз-венгер кызматташтыгын арттыруу максатында Венгрия тарап шенген визасы менен камсыздайт. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун жолугушуусунда айтылды. Эскерте кетсек Сийярто Европа Биримдиги - Борбордук Азия биринчи экономикалык форумуна катышуу үчүн Кыргызстанга иш сапары менен келген. Эки тараптуу алаканын негизинде түз аба каттам ачуу, билим берүү жана туризм жаатында байланышты чыңдоо боюнча  келишимдерге кол коюлду.

29 жылдан бери тыгыз кызматташып келе жаткан эки өлкөнүн экономикалык байланышы дагы да тереңдейт. Бул багытта былтыр Будапешт шаарында Кыргызстандын элчилиги ачылган. Кеңейтилген жыйынга чогулган тараптар жаштар иштери, спорт, билим берүү жана туризм багытында кызматташууну арттыруу жана кыргыз-венгер фондунун капиталын 50 млн. долларга жеткирип ири инвестициялык долбоорлорду колдоо максатында бир нече меморандумга кол коюшту. Венгрия Кыргызстан үчүн Европадагы биринчи стратегиялык өнөктөш өлкө болуп саналат.
 

Аны менен катар Венгриянын ЖОЖда маалыматтык технология, медицина, айыл чарба жаатында билим алчу студенттик квотанын санын 200гө көбөйтүү жана Wizz Air компаниясы тарабынан жумасына эки жолу Будапешт-Бишкек түз каттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Мындан сырткары азыркы тапта фармацевтикалык багыт боюнча да кызматташуу жыл сайын кеңейип келет.
 

Өлкө эгемендик алгандан бери эки мамлекет отуздан ашык эл аралык келишимдерди макулдашып, инвестицияны арттыруу боюнча шарттарды жеңилдетүү, экономика, спорт тармагында кызматташууну чыңдоодо алгылыктуу иш-аракеттерди жүргүзгөнгө жетишти. Жолугушууда сөз сүйлөгөн Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто Ооганстандагы коркунучтарга чара көрүүдө кыргыз тараптын көз карашын колдой турганын билдирди.
 

Бүгүнкү күндө эки өлкө ортосундагы товар алмашуунун көлөмү 17,4% жогорулап 8 млн доллардан ашты. Анын басымдуу бөлүгү импорттон түшкөн каражат. Алдыда бирдиктүү фонддун колдоосу менен ири экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу жана Кыргызстанга инвестиция тартуу пландары бар.


Новости по дате