http://ktrk.kg/COVID-19: Кыргызстанда 9-ноябрга карата илдеттен эки бейтап көз жумду

COVID-19: Кыргызстанда 9-ноябрга карата илдеттен эки бейтап көз жумду

9 Нояб 2021 , 12:21 521

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 9-ноябрга карата коронавирус дагы 54 адамдан аныкталды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында – 25, Чүй облусунда – 1, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 2 адамдан вирус жаңы табылган. 

Ал эми бир суткада 77 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 576 бейтап, амбулатордук түрдө 815 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 936 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 323 киши айыгып чыкса, 2 миң 691 адам каза болду.


Новости по дате