http://ktrk.kg/Шайлоонун жыйынтыгы мыйзам чегинде чыгарылат

Шайлоонун жыйынтыгы мыйзам чегинде чыгарылат

1 Дек 2021 , 22:39 99

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партия мүчөлөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда шайлоонун жыйынтыгына тассир эткен жагдайлар, анын ичинен техникалык мүчүлүштүктөр, добуштарды колго саноо процесси тууралуу сөз болуп, бардык тараптар шайлоо боюнча азыркы кырдаалдан чыгуу сунушун айтышты.

Борбордук шайлоо комиссиясы уюштурган жыйында ортого салынган негизги маселе- шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда автоматтык жабдыктан кеткен мүчүлүштүк жана анын себебин талдоо болду. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын программисттери жарандардын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары менен таанышып туруусу үчүн атайын жеңилдетилген кошумча платформа түзүшкөн жана анда автоматтык эсептөөчү үкөктөрдөн келген маалыматтар онлайн режимде жарыяланып турган. Ал эми шайлоо күнкү болгон окуя, таблицанын ишиндеги кичинекей программалык ката болгон.


Новости по дате