http://ktrk.kg/Исламдын ханафи мазхабын өнүктүрүү зарылчылыгы пайда болду

Исламдын ханафи мазхабын өнүктүрүү зарылчылыгы пайда болду

23 Нояб 2016 , 8:51 2058

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөдө муфтият менен катар мамлекеттик органдар исламдын ханафи мазхабын өнүктүрүүнү колго алышууда. Агартуучу иштер мечиттерде, медреселерде, ислам университетинде жүргүзүлүп келүүдө. Динчилердин баамында, Кыргызстанда салттуу исламды өнүктүрүү зарыл болуп турат, ал үчүн эң биринчи кезекте коомчулуктун диний сабаттуулугун күчөтүү зарыл. Көпчүлүктүн диний түшүнүгү тар болгондуктан, ар кандай туура эмес агымдарга аралашып алгандар арбын.

Учурдагы элди акырындап Матуриди жана Ханафи мазхаптарынан башкаларга үндөгөн, башка көз карашка багыттаган агымдар бара-бара Кыргызстандын элинин бөлүнүп-жарылуусуна жана ар кандай көйгөйлөрдүн чыгуусуна жол ачышы мүмкүн. Мына ошондуктан, Кыргызстан өз элинин менталитетине төп келген диний бир багытта иш алып баруусу зарыл. Ар бир коом өзүнүн иш-аракеттеринде, ыйман жана ибадаттарында биримдик менен ынтымакка келиши үчүн белгилүү бир мазхапты тутунушу кажет дешет динчилер.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"



Новости по дате