http://ktrk.kg/Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүгө кооптуу жерлер атып түшүрүлүүдө

Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүгө кооптуу жерлер атып түшүрүлүүдө

13 Дек 2016 , 5:59 1430

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек-Ош унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында, артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иш-чаралары башталды. 

Натыйжада 220 000 м3 кар көчкү түшүрүлгөн, бирок унаа жолдорго жеткен эмес. 

Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чарасы 14 -декабрга чейин улантылат. Кар көчкү түшүрүлүп жаткан участоктор убактылуу жабылат. 

Ошондой эле 13-декабрдан 15-декабрга чейинки туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМ эскертет.


Новости по дате