Жаңылыктар
17 , Июль, 12:58 2821

Көчмөндөр оюндарына спортчуларды каттоо мөөнөтү узартылды

image

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына спортчуларды каттоо 31-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу ДКО катчылыгынын өкүлү Белек Үсөнбеков билдирди. Анын айтымында каттоо иши 15-июлда жыйынтыкталмак. Бирок көптөгөн каалоочулар арызын берүүгө үлгүрбөй калышкан. 

Мындан улам каттоо иштери дагы эки жумага узартылды. Эске салсак, Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрь айында, Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз