Жаңылыктар
12 , Окт, 10:15 2052

Дзюдочу Султан Жеңишбеков Аргентинадагы олимпиада оюндарында коло байгеге ээ болду

image

Дзюдочу Султан Жеңишбеков Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте өтүп жаткан жаштар арасындагы олимпиада оюндарында коло байгеге ээ болду. 

Спортчу буга чейин жеке эсепте күрөшүп, бразилиялык жана тажикстандык спортчулардан жеңилип калган. Аралаш командалардын арасында ал Рио-де-Жанейронун курама командасына кирген. 

Анын жанында Косово, Тажикстан, Түркмөнстан, Россия, Алжир, Словения, Бурундиден келген спортчулар болгон.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз